Menu

Фото – УКМК ККК: Талас областындагы орто мектебинин биринин директору тарабынан каражатты максатсыз пайдалангандыгы үчүн коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан Билим берүү чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Талас областындагы орто мектептин директору тарабынан мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 2-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас областындагы орто мектептин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ушул мектептин кызматкерлеринен акча алып, жумуштан кетиребиз деп коркуткандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда аталган билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча каражатын алып турган 9 банк картасы табылып алынды.

Жогорудагы факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: