Menu

АКШда Дональд Трамптын импичменти боюнча сот башталат

Бөлүшүү:

9-февралда АКШ Конгрессинин Сенатында Капитолийге чабуул жасоого шыкакчы болууга айыпталган мурдагы президент Дональд Трамптын импичент иши боюнча сот башталат.

6-январда Конгресстин имараты – Капитолийге Трамптын тарапташтары полицияны жиреп мыйзамсыз кирип келип, Конгресстин кош палатасынын орток отурумун бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан. Кагылышууда беш киши мерт болгон. Демократ конгрессмендер Трампты бул тополоңду козуткан шыкакчы сөз айткан деп айыптап келишет. Ал өзү бул доону четке каккан.

Импичмент боюнча акыркы чечимди Сенат кабыл алат. Шейшембиде сенаторлор мурдагы президентке ипичмент жарыялоонун конституциялык мыйзамга дал келер-келбеси боюнча дебаттарды өткөрүп, добуш беришет. АКШ Конституциясында Ак үйдөн кеткен президентке импичмент жарыялоо жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.

13-январда демократтар көзөмөл кылган Өкүлдөр палатасынын көпчүлүк мүчөлөрү Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдоп добуш беришкен. Эми Сенатта бул маселе өтүш үчүн Республикалык партиянын кеминде 17 мүчөсү демократтардын бул сунушун колдошу керек. Бирок импичмент үчүн 5 республикачы гана добуш бериши ыктымал экени айтылууда.

Дональд Трамптын тарапташтары бул жараянды саясий театр деп аташса, Трампты сындагандар Конгресс президенттин мындай аракетин айыптап, анын мындан ары президенттикке талапкерлигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн бөгөшү керек деп эсептешет.

Дональд Трамп Өкүлдөр палатасы тарабынан экинчи жолу импичментке сунушталган АКШнын тарыхындагы алгачкы президент болуп калды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: