Menu

Темир Сариев бүгүн да сурак берди, УКМКнын абагында үчүнчү экс-премьерге орун даярдап жатышканы айтылууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-июнда экс-премьер-министр Темир Сариев УКМКга дагы суракка чакырылды. Азырынча күбө катары сурак берип жатат. Бирок Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев да камалган күнгө чейин күбө катары сурак  беришкен. Сариев да Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча сурак берүүдө. Ал өзү миң актанганы менен Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге караганда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбооруна эң көп катышкан чиновник. Анткени ал 2011-жылдан тартып 2016-жылга чейин Экономика министри, кийин премьер-министри кызматында иштеп, бул долбоордогу коррупцияны токтотууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгынан өзүнүн мансабын сактап калуу кызыкчылыгын жогору коюп, үн чыгарбай келген. Ал азыр айтып жатат мен ошол кезде бул долбоор боюнча эскерткемин таризинде. Бирок бир да жолу коомчулукка бул тууралу ачык айткан эмес. Эгер өзүнүн жеке кызыкчылыгын эмес, элди, мамлекетти ойлогон патриот болсо анда бул долбоордун кемчиликтерин элге ачык айтканга духу эмнеге жетпеди?

КР Жогорку Кеңешинин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупцияны иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунда ага тишеси бар 30 кыргыз чиновнигинин тизмеси берилип, алардын бул коррупциядагы ролуна юридикалык баа берүү Генпрокуратура менен УКМКга тапшырылган. Ал 30 чиновниктин ичинде үч премьер-министр: Исаков, Сатыбалдиев жана Сариевдер да аталган болучу. Жазалоочу органдар 2 экс-премьерди камап, үчүнчүсүнө жакындап барды…

Ошол эле учурда билермандар УКМКнын абагында 3-экс-премьерге жана 2-экс-мэрге орун даярдалып жатканын айтып жатышат. Эгерде алардын айткандары чын чыкса анда УКМКнын абагында Исаков, Сатыбалдиев, Сариев болуп, 3 премьер-министр, Кулматов, Ибраимов болуп, 2 Бишкектин экс-мэрлери жыйналат. Мындай окуя жаңы кыргыз тарыхында али боло элек болчу.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: