Menu

Нариман Түлеев: Туура эмес маалымат таратканы үчүн Данияр Нарынбаевди эми сабайм, ал түрмөдө «ГАД» болчу…

Бөлүшүү:

-Нариман Ташболотович, бир учурда Бишкек шаарынын мэри болуп бир топ иштерди жасагансыз. Жакында интернет тармактарына: «Түлеев кайрадан Бишкек шаарына мэр болууга аракет кылып жатыптыр…» -дегендей сөздөр тарап кетти. Кайрадан шаар башчысы болуу оюңуздабарбы?

—Эми мындай да, мыйзамдын алкагынан алып караганда Бишкек шаарынын мэрин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт, ошолор сунуштайт. Биз дагы ойлонуп, акыл калчап кийинки шаардык кеңештин шайлоосуна катышсакпы деп турабыз. Сүйлөшүүлөр жүрүп, команда топтолуп жатат. Буюрса шаардык кеңешке партиябыз келип калса анан андан аркысын ойлонобуз…

—Сөзүңүзгө аралжы, кайрадан мэрликке келүү ниетиңиз бар экен да?..

—Ар бир адам эл-журтуна кызмат кылсам деп ниет кылат. Жакшы ниетибиз бар. Бишкекти карап олтуруп зээниң кейийт. Ушул жерде жашап жатсам, ушул жерде атам-апам басты эле, ушул жерди оңдоп койсок жакшы болмок деген ойлор келбей койбойт. Колдон келе турган иш. Өзүм келбесем дагы жаш, жигердүү кадрлардан мэр кылып, ага акыл кошуп борбор калаабызды оңдосок неге болбосун?

—Демек, мэр болуп турганда аткарчу иштериңиздин аягына чыкпай калыпсыз да…

—Албетте, жетишпей калдык. Жакшы пландар, идеялар бар эле. Убакыт тардык кылды. Мына 2010-жылдан бери карасак, биздин кеткенибизге 8 жыл убакыт өтүптүр. Бирок, ушул аралыкта Бишкектеги кыйраткан бир өзгөрүүнү көрө алган жокмун. Борборго жылына миллиондогон доллар бөлүнүп атты, кошумча каражаттар да берилип жатты, «Нариман Түлеев» деген атты өчүрөбүз деп… (күлүп). А тескерисинче алар ойлогондой болгон жок. Шүгүрчүлүк, бир топ жолдор салынып жатат. Бул иштер насыяга алынган 150 миллион долларга салынып жатканы айтылууда. Бул эмне деген акча?! Биз мындай акчны көргөн эмеспиз. Мен мэр кезде шаар ичиндеги бир чакырым жолду 230 миң долларбы же 270 миң доллар беле, жаңылбасам ушундай каражатка салчубуз. Азыр бир чакырым жол 1 млн 200 миң -1 млн 300 миң АКШ долларына салынып жатат. Салыштырганда биздикинен 5 эсе кымбат салынууда. Бизге ушундай каражат берилгенде борбордун дээрлик негизги жолдоруна асфальт төшөп коет элек.

—Борбор калаанын негизги көйгөйлөрү бул унаа тыгындары (пробка) болуп жатканы талашсыз. Тыгынды чечүүнүн жолу барбы?

—Ошол маселелерди чечебиз деп соттолуп да барып келбедикпи (күлүп). Албетте, тамаша. Мына биз 2008-жылы келип, 2010-жылы кеттик. Дагы бир 3 жыл болгондо унаа тыгын маселеси кандайдыр бир деңгээлде чечилмек. Биз жеке менчик кичи автобустарды каттамдан чыгарып, автобус, троллейбустардын санын көбөйтүп баштаганбыз. Мен кеткенден кийин мен каттамдан чыгарган 1500 миң кичи автобустарды кайра киргизип коюшту. Эгерде шаар ичиндеги кичи автобустарды азайтып, алардын ордуларын автобус, троллейбустар менен толуктасак тыгын кадимкидей азаят. Булар тескерисинче кылышты.

Алынып келинген автобустарды кароосуз айдап жатып аларды талкалады, анан кичи автобустарды кыскарткандын ордуна көбөйттү. Себеби, каттамга кирип жаткан ар бир кичи автобустан 2-3 миң доллардан алынуучу «кызыкчылыктары» бар экен. Бул унаа тыгыны маселесин чечсе болот, чечилбеген маселе жок.

—Сиз мэр болуп турганда Кытайдан алынып келген автобустар боюнча жоопкерчиликке тартылбадынызбы. Кийин миллиондогон акчаларды төлөп да бердиңиз дегендей. «Ошол кезде туура эмес кылыптырмын» -деп өкүнбөйсүзбү?

—Эмнеге өкүнмөк элем? Өкүнгөндөй мыйзамсыз иш кылган эмесмин, жеген эмесмин. Мен бизнестен келгем, өз оокатым жетиштүү болсо, жегенге дагы негиз жок да. Кытайдан 556 автобус алып келгенбиз. Ошондон акча жедиң деп мага жана менин командама иш козгоду, камады. Ал 556 автобустун 200 даанасын сатып алдык, ал эми 356 автобус дипломатиялык сүйлөшүүнүн натыйжасы менен бекер келген. Кайталап айтайын бекер келген. А мени камап жатканда эмнеге бекер келген автобустарды айтышкан жок? Себеби элден чочулашты, бул маалыматты болушунча катып, билгизбегенге аракет кылышты. Мен заводдон чыккан жапжаңы бир автобусту 25 миң АКШ долларынын тегерегиндеги баага алып келдим. Булар экспонат үчүн жасалган эшекке окшогон аттын сөлөкөтүн 14 миң 5 жүз евродон алышыптыр. Бул еврону долларга айлантсаң 17 миң доллар болот. Мына коррупция каякта жатат?!

Ошол эле Түштүк магистрал жолун мамлекеттен бир тыйын албай грант менен салдык. 5,5 миллион доллар кетти. Жесем ушул жерден жейт элем. Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүн мамлекеттен акча албай жасадык, ушул жерден жесем болмок. Ала-Too аянтын жасап, түстүү (цветной) фонтандарды орноттук, мамлекеттен тыйын сурабай. Бул жерден да жесем болот эле. Мен андайга барган жокмун. Анан жөн эле күйөсүң да.

Ал эми, «миллиондорду төлөп чыктыңыз» дегениңизге жооп берейин. Тиги «кыйын кишинин» бир сөзү бар, «төлөп коюп чыга бер!» деген. Анын сыңарындай төлөп коюп чыктым, башка жол жок эле. Мен аягына чейин кунөөмдү моюнума алган жокмун, бирок, соттор максаттарына жетти. Тапшырманы так аткарышты. Жогорку соттун чечимине чейин күрөштүк, акыйкаттык үчүн. Айла жок сот чечим чыгарып салгандан кийин мени менен кошо айыпталган балдарды бошотоюн деп алар үчүн 35 миллион, өзүмө коюлган айып үчүн 27 миллион сомду, жалпы 62 миллион сомду мамлекетке төлөп бердим. Бейкүнөө соттолуп жаткан балдарды аядым, алардын үй-бүлөсүн, алардын балдарынын көз жашын ойлодум. Дагы бир жолу айтам, мен ак жеримден соттолдум. А бирок, кандай болгон күндө дагы мен командамды сатып же ара жолго таштап өз башымды ойлоп кеткен жокмун. Миллиондорду төлөсөм дагы командамды чыгарып алдым. «Эр жигиттин башына нелер келип, не кетпейт» деп коет кыргызда. Башка түшкөндү көтөрдүк. Кандай мүшкүл иш башка түшпөсүн, эркек киши эркек болушу керек. Бүгүн камалып жаткандарды дагы бир командада жүргөндөр «төлөп коюп» чыгарып алганга милдеттүү деп эсептейм. Эгер эркек болсо! Көрөбүз кантип чыгараарын…

—Өткөн жумаларда, «маркумду акыркы сапарга узатуу, топурак салуу зыйнатында президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарынбаевди Нариман Түлеев оозу-мурдун кан-жалатып сабап салды» – деген жаңылык желдей тарады. Бул боюнча өз оозуңуздан уксак?

—Экс-депутат Чолпон Жакупованын апасын акыркы сапарга узатуу зыйнаты эле. Ошол жерде ушундай окуя болуптур деген маалымат чыгып кетти. Бирок, аныгында андай болгон эмес. Ыңгайсыздык үчүн Чолпон Идиновнадан кечирим сурайм. Ал эми окуя тууралуу айта турган болсок, Данияр Нарынбаев 6ул-«мошенниктин» «мошенниги». Муну бетине деле айтам. Эн жогорку кызматта олтуруп акча менен кармалды. Бул деген «коррупция» беренеси эмес, «мошенник» деген берене менен соттолуп 3 жылга барып келди. Бул биринчиден, экинчиден президентке туура эмес кеңеш берип, аны жарга такаган үч адам болсо анын бирөө так ушул Нарынбаев. Мен камалганда үй-бүлөмө кандай кысым кылышты, кандай кыйнашты?! Мына ошолордун башында ушул Данияр турган. Мындай адамга муштум узатпай эле, жөн эле былчылдатып сабаш керек болчу. Анан өзүн пиар кылып атпайбы: «Нариман Түлеев жан сакчыларына таянып минтти-тигинтти, мени муштаганда качып койдум, тийбей калды» -деп.

Мен жансакчысы жок эле жүрөм, айланайын. Эл менен элмин. Түрмөдө деле эл менен чогуу болдум. Нарынбаев деген неме элге аралашканга укугу жок. Бул өзү түрмөдө эле аралаша алган жок. Капкайдагы шылтоолор менен арыз жазып, таасирдүү адамдардан суранып жатып китепканачы (библиотекарь) болуп алды. Буга окшогондорду түрмөдө «ГАД» деп коёт. Мындай адамдар менен саламдашканга болбойт.

Эми жанагы «урду» деген окуяга токтоло турган болсок, топурак салганга барганда биз Ахматбек Келдибеков, мен, дагы адамдар болуп туруп калдык. Анан Данияр Нарынбаев келип салам берип калды. Мен ошол жерден айттым: «Буга эмне салам берип атасыңар? Муну менен учурашканга болбойт!» -десем, «күңк-мыңк» деп бир нерселерди айтып ары басып кетти. Колум тиймек түгүл, түзүгүрөөк салам берген жокмун. Андайлар менен учурашып колумду дагы булгагым келбейт. Элдин алдында айтып коёоюн, туура эмес маалымат таратканы үчүн Нарынбаевди эми сабайм.

—Сиз абактан чыккандан кийин Нарынбаевге биринчи ирет жолуктуңуз да?

-Булар мындай жерден жолуга албайт

-Булар дегениңиз кимдер?

-Нарынбаев, Салянова деген сыяктуу бир учурда билип туруп адам укугун тебелеп, мыйзам бузгандар бүгүн мени айланып качат. Той топурга бара турган болсо сурайт, ким кимдер келет деп. Менин бара турганымды укса барышпайт. “Изгой” болуп бүтүштү. Адам укугун тебелегендер, элге аралашпаш керек, эл аралап жүргөнгө булардын акысы жок.

-Мамлекетке алынган мүлктөрүңүз боюнча кайрадан сотко кайрылганы жатасызбы?

-Жакшы суроо болду. Бул боюнча маселе дагы көтөрүлөт. Табаа эмес, тобоо. Менин мүлктөрүмдү тартып алууда негизги ролду ойногондордун бирөө да жыргап кеткен жок. Камакта жатып алып мага кат жазып атышат, «Нариман аке, ошондо биз мыйзамды тебелеп сизге каршы болдук эле, бизди кечирип коюңуз» -деп. Мунун баарын сактап, сотко даярдап атам. Буюрса жыйынтыгы жакшы болот деген ишеничим бар.

—ТЭЦ маселеси менен бир топ жогорку кызматта иштегендер камакка алынды. Бирок, бул окуяны саясий куугунтук катары баалгандар жок эмес. Сиздин пикиринизде бул коррупциялык күрөшпү же саясий куугунтукпу?

—ТЭЦти жаңылоого дейбизби же курууга дейбизби, айтор, Кытайдан 386 миллион АКШ долларын насыя катары алдык. Ушул эле ТЭЦти жаңылоо үчүн Бакиевдин убагында 150 миллион долларга сүйлөшүлүп, алгачкы келишимдер да түзүлгөн. Ошол кезде ИгорьЧудинов өкмөт башчы болчу, сүйлөшүү үчүн Максим Бакиев менен Кытайга барып келген. Мен өткөндө сурадым: «Игорь сен ошондо чогуу бардың эле, 150 миллион долларга келишим түзүлгөнү чынбы?» -десем, «ооба чын» -деди. Макул жемейин сала алышпаса, ошол 150 миллиондун 50 миллионун жеп алды дейли, ошондо ТЭЦ 100 миллион долларга салынмак экен да. Бүгүнкү жалпы сумма менен алсак, ТЭЦке деген 386 миллиондун 280 миллион доллары жоголуп атпайбы. Бул деген эмне деген каражат? Сапар айтты го: «Мен шок болдум» -деп. Сапар эмес, эл «шок» болуп атат. Анткени, бул каражатты эл төлөйт. Бизди бир миллион доллар жединер деп, далилсиз эле ур-тепкиге алып, күн-түн дебей үйгө келип кармап, коркутуп-үркүтүп, үй-бүлөбүзгө көрбөгөн кордукту көргөздү эле го. Ага караганда булардын күнөөсүн далилдеп, иликтеп-изилдеп күнөөнү моюнга коюп туруп камап атат да. Эми ушуну кантип саясий куугунтук леп айтабыз?! Бул саясий куугунтук эмес, бул тарыхта боло элек коррупция!

—«Сапар Исаковдун камалышына бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары «Раим миллион» деген каймана аттуу Раимбек Матраимовдун тиешеси бар, ошол бийликтеги достору менен Исаковдон өч алды» -деп атышпайбы?

—Раимбек деле ошол сөздү айтып жаткан адамдын командасынан чыкпады беле?! «Мени ушулар кызматка койгон» -деп өз сөзүндө айтканы эсимде, бир эмес бир нече ирет. Анан кантип Раимди тиги жакка, бул жакка жабыштырабыз? Бир учурда мени пайдаланып туруп түрмөгө салган, Ахматбек Келдибековду пайдаланып туруп каматкан, Роза Исаковна менен үзөңгүлөш жүрүп, аны пайдаланып туруп тескери карап кеткен адам Раимбек Матраимовду дагы пайдаланып, пайдаланып туруп «ыргытып» койду деп эсептейм. Мындан артык кандай баа беребиз?

—Сиз камалганда президенттен кечирим сурап кат жазганыңыз талкууга алынды. Канча жолу кечирим сурадыңыз эле?

—Мен президентке бир эмес, бир нече жолу кат жазгам. Бирок, кечирим сурап эмес, акыйкаттыкты талап кылып: «Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Мындай мыйзам бузулуп жатат. Соттор тарабынан мыйзам бузулуп жатат, карап коюңуз. Соттордун акыйкат чечим чыгарышына көзөмөл кылып бериңиз! Калыс болуп бериңиз!» -деген маанидеги каттарды бир эмес, бир нече жолу жаздым. Менде көчүрмөлөрү бар. Ошолордун бирөөнө дагы адамгерчилик кылып эки ооз сөз менен жооп берип койгон жок. Кат жетпей калдыбы дейин десем, катты киргизип, өз колуна берген адамдар көздөй адамдар болду. Мейли, Кудай бар. Баарын Кудай таразалайт. Эгерде мен кечирим сураган болсом, кечирим сурап чөгөлөп атып мүлкүмдү сактап калат элем. Кечирим сурасам абакка кирбей орто жолдон чыгып кетет элем. Мен кечирим сурабаган үчүн аягына чейин турушту. Ал кечирим сурады деген кат менин колум эмес. Экспертизага бергенге деле даярмын, деле ошол экспертизанын акчасын мен төлөп берейинчи…

Акыйкаттык демекчи, соттук иштерди өз башымдан өткөргөн адам катары айткым келет. Жанагы камалган Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Кубанычбек Кулматов жана башкалардын соттук иштери акыйкат болот деп ишенем. Аларга ден соолук, сабыр тилейм.

—Бир учурда мурунку президент Курманбек Бакиевге 500-1000 долларды көйнөк алып ал деп берип койчумун деп айткан жайыңыз бар…

—Мен ошол сөздү толук мааниде айта албай калганымды сездим. Себеби, менин айтканым башкачараак мааниде элге тарап кетти. Түпкү маанисинде мен салыштыруу ирээтинде, жалпылап айттым эле. Мисалы, Курманбек Бакиев президент болоорун эч ким билген эмес, ал ишсиз жүргөндө колумдан келген жардамды берип койчумун. Эгерде президент болоорун билгенде машина алып берет элем деген оюмду жеткиликтүү айта албай калдым. Мен Бакиевге эле эмес, башкаларына да жардам бердим. Кезинде ошол эле Атамбаевге дагы жардам бергем. Бергенде дагы эбегейсиз жардам кылгам. Ал: «Нариман сенин жакшылыгыңды эч качан унутпайм, кайсы бир күнү менин да сага жардамым тиет» -деп көп жолу айткан. Анан мага кандай «жардамы тийип», кандай «жакшылык» кылганын жалпы эл өз көзү менен күбө болду

—2020-жылы парламенттик шайлоо болот. Мындай караганда жакындап калгандай. Өз партияңыз менен болобу же кайсы бир партиянын катары мененби шайлоого катышуу ниетиниз барбы?

—Буюрса катышабыз. Сүйлөшүүлөр болуп жатат. Убакыттын өтүшү менен көрөбүз. Өзүм юридикалык документтер менен алекмин, кези келгенде баарын алып чыгам.

—Бүгүнкү саясий кырдаалга кандай пикир билдирет элениз?

—Жаңы ажо бийликке келди. Ага мүмкүнчүлүк берип, болжолдуу убакыт өткөндөн кийин анан сураш керек. Жаңы президент өз командасы менен иштеш керек деген пикирдемин. Мурункудан калган кадрлар башын катып олтурбайбы азыр. Алар өз арыздары менен ордун бошотуш керек эле. Ордумду бошотсом эле өзүмө иш козголуп калат деп баштарын алаасына катып алып, араң олтурушат.

Амантур Мусагул уулу

Булак: De Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: