Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Таалайбек Токталиевич Жапаровду УКМКнын Антитеррордук борборунун директору кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду.
Жапаров Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болуп 2016-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин ал УКМКнын Антитеррордук борборунун директорунун орун басары болгон.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 16-октябрда УКМКнын төрагасы болгон. Ошол эле күнү мамлекеттик комитеттин төрагасынын эки жаңы орун басары дайындалган. Алар Бекбосун Апсатаров жана Жумгалбек Шабданбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ