Ысык-Ата районунда конокко келген адамды жөнү-жок сабаган деп айыпталып, 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИБ басма сөз кызматы бүгүн, 20-декабрь күнү билдирди.
Алардын айтымында, декабрь айынын башында Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө Аламүдүн районунун 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, Марс аттуу чала таанышына карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, Ысык-Ата районундагы Юрьевка айылындагы үйлөрдүн бирине Марс келип, отурган конокту жөнү жок ур-тепкиге алып, сабаган. Андан кийин сөгүнүп-сагынып, бычак шилтеген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык беренеси менен катталган.
Аталган кылмышка шектүү делип, 57 жаштагы Т.М кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ