Menu

Балээ болду, КТРКны эми Бабановдун банкир «балапаны» башкарат

Бөлүшүү:

Коомчулук ушул күнгө чейин таң калып бүтпөй жатат. Себеби, КТРКнын жетекчилигине белгилүү журналист Ибраим Нуракун шайланат деп күтүп турганда, күтүлбөгөн жерден НТСти башкарып келген, Бабановдун “шестёркаларынын” бири Жайнак Үсөн уулу шайланып калды. Таңкалыштуусу, Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү тең Жайнакты жактырышты. Байкоочу кеңештин төрагасы кыргыз элинин “дүжүр чалдарынын” бири Жыпар Жекшеев КТРКнын жетекчисин тандоого бийлик кымындай да аралашпаганын жер сабап айтып, дагы бир ирет жек көрүндү болду. Ал эми ошол эле кеңештин мүчөлөрүнүн бири Анаш Кадырова бул маселеде бийликтин ролу чоң болгонун, Жайнак Үсөн уулунун шайланышы чын эле таңкалыштуу болгонун кыйытты. Кыскасы, бийликтин жана Москвага качып кеткен чириген бай Бабановдун колдоосу менен КТРКнын жетекчиси болуп калган Жайнак мырзанын журналистикага эч бир тиешеси жок. Бир эмес үч кесип боюнча диплому болгону менен 1996-жылдан 2015-жылга чейин банк системасында иштеп, акчанын артынан “кубалап” келгендердин бири. Көп жыл “Финкада” иштеген. Акыркы төрт жылда Бабановдун НТСин башкарды. Ал каналды деле гүлдөтүп жиберген жок. Бабановду мактоонун, актоонун амалына көп аракет жасады. Жайнак мырза менен бирге иштешкен айрым журналисттер аны мажирөө, өтө эле майдачыл, чыгармачылыктан алыс, жеке кызыкчылык дегенде эт-бетинен кеткен жетекчи болгонун баса белгилешти. Ал НТСте 40-50дөй адамды башкарып келсе, эми КТРКдагы миңге жакын адамды кантип башкарат болду экен? КТРКнын жамааты болсо Жайнак кантип КТРК башкарат деп эмдигиче эстери ооп олтурат. Жээнбековдун эмне себептен Үсөн уулуна токтолгону да кызык болуп турат. Ажо деле ал Бабановдун кадры экенин эң жакшы билет. Өткөн жылы толгон баладан Бабановдун баласын тандап өптү эле, эми 13 талапкерден Бабановдун “шестёркасына” батасын берди.

Кыскасы, Үсөн уулу Карыпбеков оңдоп койгон КТРКны кыйратып башкара албайт. Баса, Жайнак мырзага байланыштуу акча, мансаптан башка да кеп кетти. Социалдык түйүндөрдө ал Ак үйдөгү таасирдүү бир айым менен “ысык” мамиледе болгонун жазышып, өтө катуу талкуулашты. Бул маселе боюнча сөз кимге карата айтылганын баары эле баамдашты. Убакыттын өтүшү менен дагы да ачыкталып кетиши мүмкүн. Өткөндө КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчө болуп түз эле Ак үйдөн “түшкөн” Сарыгулованы да Жекшеев менен “жакын” мамиледе болгонун катуу талкуулашты. Деги эмне деген заман болуп жатат? Жашасын “жакын”, ырдасын “ысык” мамилелештер дегенби?! Бул темп менен кетсек, келечегибиз жакшы болбостур…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: