Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Жакшылык жана жылуулук сезимдерди тартуулаган бул ыйык күндөрү Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, асылзат ишиңизге албан ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана жакшылыктарды каалайм. Дүйнөнүн бардык мусулмандары чоң кубаныч менен белгилечү ыйык Орозо айт майрамы аларга ынтымак жана бакубатчылык алып келсин», — деп айтылган Казакстандын Президентинин куттуктоо телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ