Menu

“Бизде коронавирус жок” деген Түркмөнстан поезд каттамдарын токтотту

Бөлүшүү:

Коронавирус жуктурган учур катталганын расмий түрдө жарыялай элек Түркмөнстанда жүргүнчү поезддердин каттамы токтоду.

Өлкөнүн темир жол компаниясы поезддер 16-июлдан тартып 23-июлга чейин жүрбөй турганын кабарлап, бирок мунун себебин түшүндүргөн жок.

Буга чейин Түркмөнстандын саламаттык сактоо тармагындагы аткаминерлери «чаңдын өпкөгө киришине жол бербөө үчүн» жарандарды медициналык беткап тагынууга чакырган.

ММКлар жергиликтүү ооруканалар пневмониянын белгилери бар бейтаптарга толуп калганын, алардын айрымдары, анын ичинде медицина кызматкерлери көз жумганын жазган. Маалыматка караганда, кээ бир аймактарда карантин зоналары түзүлүп, бир катар өндүрүш объектилери иштебей турат.

6-июлда Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун (ДССУ) миссиясы өлкөгө 10 күндүк сапар менен келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: