Menu

Сергей Слесарев, адвокат: «Батукаевдин карындашы Яха Батукаева суракка алынды»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-октябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин Орусиядагы кичүү карындашы Яха Батукаева суракка алынды. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Батукаевдин карындашы Яха Батукаева бүгүн  Орусияда суракка алынган. Орусияда Батукаевдин иши боюнча сурак берген материалдар бар, ал материалдарда Атамбаев тууралуу айтылган эмес.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Атамбаев бийликте турган үчүн бул иш жабык бойдон калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден кийин, алты жылдан кийин, бул иш кайра козголуп, бир топ тиешеси бар адамдар соттолуп, үй камагына чыгып отурат. Жыйынтыгында, Атамбаев өзү да абакка отуруп калды, ага «Уюшкан кылмыштуулуктун кызыкчылыгы үчүн коррупцияга катышкан» беренеси боюнча айып коюлду. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.

Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин соту 11-октябрь, 14-октябрда башталмак. Алмазбек Атамбаев эки жолу сотко келүүдөн баш тартып койгону үчүн сот отуруму жылып, 15-октябрда Атамбаевсиз жабык эшик артында башталган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: