Menu

Роза Отунбаевага экс-президенттик наамды бердик, а неге Ишенбай Кадырбековдон кызганабыз?..

Бөлүшүү:

31-августта Кыргызстандын көз каранды эместигинин 25 жылдык салтанатында президент Алмазбек Атамбаевдин “жарандардын көбү Конституция менен бирге мамлекеттин президентин шайлап жатканын билген да эмес. Бир да шайлоо бюллетенинде президенттикке талапкердин фамилиясы эмес, мамлекет башчыны шайлаганы тууралуу шыкак да болгон эмес. Роза Отунбаева ошондо 98 пайыз добуш алганы жалган. Мынча добуш алуу авторитардык мамлекеттерде да болгон эмес” деп жарялашы жалпы жумурай журтту таң калдырып, чет мамлекеттен чакырылган меймандардын эстерин эки кылды.

Шайлоочулардын көпчүлүгү, ошондой эле саясый элита да 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда КР Конституциясын кабыл алып жатканда, Р.Отунбаеваны шайлабаса, кандайча ал мамлекеттин президенти болуп калганын биле албай жүрүшөт. Асыресе, шайлоо болсо, анда теңата талапкерлер көрсөтүлүшү керек эле да? А.Атамбаев туура байкагандай, тиешелүү шайлоо бюллетени жок болгондуктан, көпчүлүк эл Конституцияны гана  эске алып добуш берсе, анда эмне үчүн Р.Отунбаева президент деген наам алган (?) деген суроо пайда болуп жатат.

Президенттик укук – өзгөчө укук. Эмне үчүн кылымдар бою “Падыша өлдү, жашасын падыша!” деп келишкен. Себеби, мамлекеттик бийлик бир секундга да жайдак калбашы абзел. Бул кылым карыткан мамлекеттүүлүктүн дүйнөлүк практикасы. Падышалар дүйнө салганда, качканда, четтетилгенде ал ыйгарым укук башка адамга заматта өткөрүлүшү шарт. Ошондуктан, президент деген наам эл шайлаган гана адамга эмес, өткөөл учурда кимдин колунда президенттин ыйгарым укугу болсо, ошону гана таанычу да. Ошол себептен Конституцияда президент ар кайсы себеп менен жок болуп калса, анын ыйгарым укугу кимге өтөрү так жазылат. Мисалы, 2005-жылы Акаев качып кеткенде, анын ыйгарым укугу премьер-министр Н.Танаевге өткөн. Ал качып кеткен соң, президенттин ыйгарым укугу 24-марттан 14-апрелге чейин мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Ишенбай Кадырбековко өткөн.

Р.Отунбаева тууралуу айтсак, “Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2-беренесинде “Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө” 2010-жылдын 19-майындагы №39 Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн төмөнкү маанидеги Декрети бекитилсин” деген суроо референдумга коюлган болчу.

Ал эми айтылган Декретте: “Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Исаковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилде Президентинин ыйгарым укуктары таандык кылынсын” деген редакция камтылган.

Демек, президенттин ыйгарым укуктарын эл эмес, Убактылуу өкмөт өзүнүн декрети менен Р.Отунбаевага берген. Шайлоочуларга болсо Конституцияны кабыл алуу менен жалпы текстке жогорудагы беренени жазып коюп, бул чечимди бекитүүнү сунушташкан. Шайлоочулардын ичинен бул текстти билгендердин же аны окугандардын саны аз болгондугун, ошондой эле көпчүлүк шайлоочулардын саясый нигилизмин эске алып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү негизинен бизди алдашкан. Натыйжада, 98% шайлоочулар макулдугун беришкен. Ушул шартты А.Атамбаев элге эскертти көрүнөт. Эгер эл Конституциянын артында эмне жашырынып турганын билгенде, аягы эмне менен бүтмөк, ким билет?

Ушундан соң, Р.Отунбаеваны эл президенттикке шайлабаса, ага президенттин ыйгарым укугун берген декретти эл бекиткен себептен ал президент болгон.

Эгер жогоруда айтылган Убактылуу өкмөттүн алдоо амалын эске албасак, алар эмне үчүн ушундай шартка барган? Анын себеби бир гана – Конституция күчүнө киргенде, анын талабын турмушка ашырыш үчүн президенттин ыйгарым укугун бирөөгө бериш керек болчу. Ал укукту Р.Отунбаева элден колуна алар замат дароо өкмөттүн курамын түзүп, Жогорку Кеңешке шайлоо жарыялап, мамлекеттин иштешине дем берген. Андан соң Жогорку Кенеш менен чогуу президенттик шайлоо жарыялап, аны өткөрүп, бийликти эл шайлаган А.Атамбаевге өткөрүп берип, экс-президент деген наамга ээ болгон. Анда эмне үчүн ушундай эле шартта И.Кадырбеков президенттин ыйгырым укугун аткарып жатып, экс-президент деген наамы жок деген суроо туулушу ыктымал?

Арийне, чоң саясатта пендечилик, жеке ичтарлык болгон жана боло берет. Житкен окту аткан ок табат. Мисалы, өз учурунда Р.Отунбаева өзүнүн өткөөл мезгилде кандайча президент болгон жолун эстеп, И.Кадырбековго экс-президент деген наамды алганга көмөк көрсөтсө болмок. Жарыктык киши, андай кадамга эмнегедир бара алган жок. Тирүүлүктө эч бир нерсе түбөлүктүү эмес. Убакыт чиркин эртели-кеч чындыкты ордуна коет. Эң негизгиси, элдин колунан бийлик алган саясатчылар, саясаттын оюнуна азгырылбай, элди, мекенибизди эсинен чыгарбаса деген үмүт дале бар.

Бүгүн элдин кызыкчылыгы үчүн Конституцияны оңдош керек деген шылтоо менен көпчүлүк элдин юридикалык ыкмаларын билбегенин эске алып, чарбада жүрүп, Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизгенин окубаганын билип, саясаттын амалын дагы колдонуп, элди алдабаса эле болду. Бирок шашылыш түрдө Башмыйзам эмес, дегеле мыйзам эмне экенин жаңы үйрөнүп келе жаткан көпчүлүк “жаңы өспүрүм” депутаттарды колдонуп, Конституцияны оңдойлу деген демилге эмнегедир ишеним жаратпай турат. Эмнегедир азыр референдумду жергиликтүү бийликти шайлаар убакта өткөрөлү дегени 2010-жылы Р.Отунбаевага президенттик ыйгарым укукту кандай жол менен бергенин эске салат.

Эрик ЖУНУСОВ

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: