Menu

Алмаз Баатырбеков “уйкучу” инисин Нарынга губернатор кыла албай убара

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков 2020-жылдагы шайлоого чейин ички тылды бекемдеп алайын деген го. Өз кишилерин жетекчилик кызматтарга дайындоо менен алек. Маселен, өзүнүн кичи мекени Нарын областынын Ат-Башы району болгону менен берки Ак-Талаа районунун акимдигине Нурбек Молдокадыровду алып келгенин билебиз. Мунун менен Ак-Талаага акимдикке өз кишисин коюп, шайлоодо тиешелүү добуш алууну максат кылганын аңдабай түшүнсөк болот.

Эми ага алымсынбай Нарын областынын губернаторлугуна, азыркы тил менен айтканда Өкмөттүн Нарын областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып өз кишимди алып келем деп чуркап жүргөн кези. Өкмөт башчынын иш бөлмөсүнө байма-бай каттап. Аманбай Кайыповдун ордуна кимди алып келгени жатты экен деп кызыкканыбызда ал кадры Айыл-чарба тармагында министрдин орун басары болуп жүрчү Жаныбек Керималиев болуп чыкты. Бул Керималиев мырза Баатырбеков менен жакын мамиледе, үй-бүлөлүк байланыштагы иниси экенин билдик. Айыл-чарба маселелери боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына келип алып куш уйку салган «уйкучу» Керималиев депутаттардан «уктабай олтуруңуз» деген жемени далай укпады беле?! Анан ЖК жыйынында депутаттарды көзгө илбей уктаган Жаныбек Калканович Нарын дубанына жетекчи болуп келсе күнү-түнү дебей чуркап, уйку-бетин көрбөй иштейт деп Баатырбеков кепилдик бере алабы? Алмаз Баатырбекович, Керималиевди губернатор кылып алып келгениңизде деле ал шайлоо учурунда уктап калып сиз ишенген добушту алып бере албайт го…

Аман Иманалиев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: