Menu

Навальный Росгвардиянын башчысынын дуэлин кабыл алды

Бөлүшүү:

Орусиянын оппозиционер саясатчысы Алексей Навальный Орусиянын Башкы гвардиясынын жетекчиси Виктор Золотовдун видеокайрылуусуна жооп берди. Видеокайрылууда гвардия башчысы Навальныйды дуэлге чакырган. Дуэлдин түрү, куралы Навальныйдын каалоосуна жараша болорун билдирген. 50 күндүк камак жазасынын жаңы гана өтөп чыккан саясатчы аталган чакырыкка видеокайрылуу менен жооп берди. Ал Золотовдун дуэлин кабыл аларын айтты. Бирок дуэль дебат форматын да мамлекеттик каналдын түз эфиринде болушун талап кылды. Эки тараптын бири-бирине акаарат сөздөр менен кайым айтышууларын камтыган диалогдун жыйынтыгы кандай болору белгисиз. Навальный сунуштаган «дуэль» да болор-болбосу анык эмес.

Эске салакетсек, Алексей Навальный өзүн Путиндин башкы атаандашы катары сыпаттап келет. Ал август жана сентябрь айларында уюштурган бийликтин пенсиялык реформаларына каршы акциялары боюнча айыпталып, эки жолу удаа 30 жана 20 күндүк камак жазасын өтөп чыкты.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: