Бүгүн, 9-февралда Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-сентябрындагы №492 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча маалымат берди.
Депутат Дастан Бекешев Бекболот Алиевден учурда кайсы кызматта иштеп жаткандыгын сурады. Алиев дагы деле Экономика министринин орун басары кызматын ээлей турганын айтты.
Депутат эми мындай министрлик жок экенин айтып күлдү.
Министрдин орун басары премьер-министрдин буйругу азырынча күчүнө эмес кире электигин билдирди.
«Сиз бул жерде отурганда, балким, буйрук күчүнө кирип иштеп жатат жана сиз ал кызматты ээлебей калдыңыз. Күлкүлүү кырдаал, сиз дагы деле болсо жок болгон Экономика министрлигинин орун басарысыз. Бул жерде ким эмнени коргой турганы белгисиз », – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ