КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын
аймагына баалуу зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 9-февралда УКМК ККК кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосуздан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын 1981-жылы туулган жараны Т.Л. кармалды.
Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 кг ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ