Бишкек—Кара-Балта жолунун Москва районунун Беловодск айылындагы тилкесинде эки чоӊ жүк ташуучу унаа бет маӊдай кагышып, айдоочулар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа алдындагы унаалардан ашып өтөм деп, карама-каршы тилкеге чыга калган.
Окуя 22-октябрда болжол менен саат 16:11 чамаларында болгон.
Бул кырсыкты Чүй облусунун ЖКККБсы тастыктап, жол кырсыгына кабылган айдоочулардын абалы жакшы болуп калганын билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ