Демократиялык партиядан АКШ президенттигине талапкер болгон Хиллари Клинтон шайлоодо жеңилип калгандыгына өкүнүчүн билдирип, өлкө кызыкчылыгы үчүн жаңы лидер, республикачы Дональд Трамп менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Клинтон анын милдети — «мыкты, күчтүү жана адилеттүү Американы» курууга көмөктөшүү экенин белгиледи.
Ал Нью-Йоркто сүйлөп жатып өлкөдөгү бөлүнүп-жарылуу ал болжолдогондон да терең болуп чыкканын айтып, шайлоо өнөктүгү маалында колдоо көрсөткөндүгү үчүн тарапташтарына ыраазычылык билдирди.
“Мен Америкага ишенем, мындан кийин да дайыма ишенем”, – деди Клинтон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ