Menu

Качкын Булатов: “Соттор мыйзамдуулукту сактабай, мамлекетти кризиске алып келүүдө”

Бөлүшүү:

Сот системасын реформа кылыбыз дегенине бир далай заман өтүп кетти. Соттук териштирүү реформасы болгуча, акыйкат издеп жүрүп өмүрүбүз дагы өтүп баратат. Эми акыйкатты кайдан издейбиз, же Оо дүйнөдөн акыйкат таба алабызбы? Ушул эле бийлик оозду көптүрүп, соттук териштирүүлөр ачык маанайда өтүп, калыстык орнойт дегенден бери башыбызга ак басып калды. Кыпындай реформа болсо ыраазы болоор элек, дейт карапайым жарандар. Ал эми соттор атайын акча алуунун амалын жасап, сандалтканы канча, жалан сотко бара берип тажагандай болдук. Кээ бирде он жылга созулган сот процестерди кезиктирүүгө болот. Сот качан келет деп Ай караган Теке болуп калдык. Деги калыстык кайда? Же ушу кылмышкер соттордун торуна чалынып, Кудайым бир берген өмүрдү ушу кылмышкер, акыйкатсыз, жүзүкара сотторго тагдырыбызды тапшырабызбы. Биз мыйзамдуу мамлекетке жашаганыбыздын бир дагы далили жокко эсе, мындай кырдаалды бир гана Атамбаев чекит коюшу керек, балык башынан сасыбаса болот эле. Акыйкат издеп Ак үйдүн астында өзүн-өзү өртөнгөн аялды унутуп калдыкпы, болбосо көп эле жаран акыйкатка жетпей эле өмүрү менен кош айткан фактылар толуп жатат, же соттор убал сооптон корпойбу?!  Коррупция менен күрөшөбүз деген парламентте отурган депутаттардын колдорунан келбегени ачык эле билинип турбайбы. Эгерде ошол мен акылман деген депутаттын акылы жетсе, эчак эле түз жолго салып коюшмак, тилекке каршы колдорунан пок дагы келбей жатканын 25 жыл өттү. Бир арызды жети жылдан бери сандалткан Чүй облусунун Сокулук районунун соту Керимкулова И.С. өз билемдикке салып, кыянаттык кылууда. Мамлекет кыргыз тилине колдоо көргөзүп жаткан учурда, Керимкулова сот процесин кыргызча алпарып, корутунду орусча чыгарганына таң каларлык эмес. Сотто арызданучу жана жоопкер айылдык кыргыздар, алар орус тилин түшүнбөй кагаздарды орусча алпарып, ашмалтайын чыгарып жатат дейт соттук териштирүүдө катышкандар. Сот Керимкулованын соттук териштирүүсүн токтотуп, башка кыргызча соттук териштирүүнү алпарган сотко бергиле деп өтүнүч менен кайрылсак дагы өжөрлөнүп болбойт, жок шылтоого таянып, соттук ишти алпарууда. Ар жакта жакшы акча күтүп тургансыйт. Же биз орусча тил түшүнбөсөк, куураган көр окаттын айынан акыйкат табабыз деп жер тепкилеп жүргөн кез. Деги укугубузду ким коргойт, билбейбиз. Болбосо 2009 жылдан бери Абилдаев Тыным Жумановна, Жарматов Бакытбек, Токоев А. соттук териштирүүсү 7 жылдан бери бүтпөй койду. Эң кызыктуусу далилдүү документтерди сот Керимкулова жеке кызыкылыгына карап, копия болсо деле карай бергенине таң каласын, бир кызыкчылыгы бар сыяктанат. Болбосо соттук териштирүү убагында ксерекопия документер эч качан каралбайт эмеспи. Соттордун кеңеши, Жогорку Сот, прокуратура ушундай мыйзам бузуларга барган сотторду тартипке салса, коом ыраазы болмок. Же кол ийрисине тартат болуп, бир жактуу иш алпарып, кайра-кайра эле соттордун эшиктерин каккылап жүрө беребизби? Деги акыйкат өзү кайда?

Качкынбек Булатов, укук коргочу

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: