Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев департаментте мурда ачыкка чыккан коррупциялык схеманын алкагында кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда журналисттерге Финполдон билдиришти.
Такталгандай, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Бишкек – Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясында коррупциялык схема аныкталган.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы Бишкек – Ош автожолунун “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө пункттарында туннелдер аркылуу өтүү үчүн жыйымдардын толугу менен толтурулушун контролдоо максатында атайын автоматташтырылган техника орнотулган. Ал жерде мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери туннелдер аркылуу жүрүүдө жергиликтүү, чет өлкөлүк жана оор автоунаалар үчүн белгиленген тарифтер боюнча каражаттарды чогултушкан.
“Бирок, түзүлгөн ыңгайлуу шарттарга карабастан, мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери Транспорт министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин колдоосу астында, узак убакыт бою системага туура эмес өзгөртүүлөрдү киргизип, ошону менен акча уурдап келишкен”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилегендей, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сомду түзгөн, анын 16 миллиондон ашыгы бюджетке кайтарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ