Menu

Милиция кызматкерлери велосипед уурдап качкан ууруну кармады

Бөлүшүү:

Октябрь РИИБне арыз менен 28 жаштагы Р.А. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылган. Себеби, ушул жылдын август айында 8-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринин подьездинен баасы 17700 сомдук “GININA” үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жаштагы К.И. аттуу тургуну кармалган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө учурунда башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: