Menu

«Менин үйүм 2021-2026» Өкмөт программасынын концепциясынын долбоору тартууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышты, анда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын концепциясынын долбоору тартууланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500 кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 м кв кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 млрд сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 млрд сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын концепциясынын долбоорун жактыруу чечилди.

Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: