Menu

Бирөөнүн жер тилкесине үй салып алган экс-губернатор Бишкек шаарынын мэринин м.а. болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэринин м.а. кызматка Бактыбек Кудайбергенов дайындалып, муниципалитеттин эмгек жамаатына тааныштырылды.

Kaktus.media басылмасы жаңы дайындалган мэрдин м.а. Кудайбергенов тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду:

Бактыбек Кудайбергенов 1962-жылы 8-декабрда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында туулган.

2020-жылдын октябрь айында “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке шайлоого (тизмеде 55-номер)  катышкан.

2012-жылдын февраль айынан 2015-жылдын июль айына чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болгон.

2015-жылдын июль айынан 2017-жылдын ноябрь айына чейин – өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү (губернатор) болгон.

Ал эми 2013-жылы “Ысык-Ата районунун бокс федерациясы” коомдук бирикмесинин директору болгон.

Ошондой эле, ал 2005-жылы Эмилбек Каптагаев жана башка катышуучулар менен биргеликте “Улуу Биримдик” улуттук-демократиялык партиясын каттоодон өткөргөнү белгилүү болду.

Жер чатагы

Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек шаарынын тургуну Марат Акматалиев жер тилкесин сатып алып, үй куруу үчүн акча чогулта баштаган. Ал беш үй-бүлөгө турак жай курмакчы болгондо, анын аймагынын бир бөлүгүнө мурунку чиновник – өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Кудайбергенов жана анын жубайы Динара Доконова үй курушканы белгилүү болгон. Акматалиев эмне үчүн мындай болгонун аныктап баштаганда, ага башка кошунасы, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин кызматкери Рыскул Боронбаев өзүнүн үйлөрүн төрт участокко кургандыктан жер тилкелеринин чектери чаташып кеткенин айтышкан. Акматалиев кошуналарында курулуш иштерин жүргүзүүгө укугу жок болгонун, аны мыйзамсыз чыгарышкандыгын айтып чыккан.

Тараптардын ортосундагы соттук териштирүүлөр эки жылдан ашык убакыттан бери созулуп келе жатат. Натыйжада, мэрия экс-губернатордун үй-бүлөсүн үйдү бузууга милдеттендирүү үчүн сотко кайрылган. Бирок бул азырынча аткарыла элек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 14 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: