Menu

Өзбекстандын вице-премьер-министринин кысымына кабылганын билдирген маалымат катчы иштен кетти

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Бунёд Абдуллаев кызматынан кетти. Бир апта мурун ал вице-премьер-министр Ачилбай Раматовго байланыштуу “талаптарды” аткаруудан баш тарканы үчүн кысымга кабылып жатканын билдирген.

Абдуллаевдин айтымында, Раматовдун кеңешчисимин деген киши телефон чалып, Раматовдун имиджин жакшыртуу боюнча штаб түзүлгөнүн билдирип, ар жума сайын бул штабга алдын ала бекитилген тема боюнча маалымат берип турууну тапшырган.

Бунёд Абдуллаев шайлоо жакындап келе жатканын эске алуу менен бул тапшырманы аткаруудан баш тартканын кошумчалаган.

Өзбекстанда Экология боюнча мамлекеттик комитети жана Өзбекстан Министрлер кабинети Бунёд Абдуллаевдин иштен алынышы жана анын жогорку кызматтагы аткаминер туурасында жергиликтүү басылмаларга курган маеги боюнча комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: