Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев тастыктады.
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын башчысынын кызматтан алынышынын себеби азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, бүгүн УКМК коррупция каршы күрөшүү кызматы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын башкы бухгалтери камакка алынганын жарыялады.
Маалыматка ылайык, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өздүк максаттарына жумшагандыгы аныкталды.
Ушул каржылык операциялары ачыкка чыгаргандан кийин, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгындагы (КМДБ) жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашырганы жана кошумча тергөө иштерин токтоткону үчүн 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ