Menu

Кеминде күйөөсүн балка менен башка чаап өлтүргөн аял милицияга өзү келди

Бөлүшүү:

Кемин районунда аял күйөөсүн өлтүрүп, күнөөсүн мойнуна алып милицияга өзү келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, адам өлтүрүү Кеминдеги көчөлөрдүн бириндеги үйдө 2021-жылдын 9-февралынан 10-февралына караган түнү болгон. Үй-бүлөлүү жубайлар досторуна барып, алардын ортосунда үйгө келип, уруш-талаш болуп, натыйжада аял күйөөсүнүн башына балка менен бир нече жолу уруп, алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган. Аял кылмышты жасоодо күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мойнуна алган көрсөтмөсүн жазган. Анын күйөөсүнө балканы силкиндирген эмне болгонун азыр милиция териштирип жатат, бардык жагдайлар иликтенүүдө.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын негизинде Кемин районунун ИИБнин КЖБР  катталган.

Учурда зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалардын топтому дайындалды, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Өлгөн адам 53 жаштагы С.К. деген жаран болчу, кармалган аялы 45 жаштагы Д.Р.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: