Бүгүн, 11-февралга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 75 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 32, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 17, Ысык-Көл облусунан – 11, Ош облусунан – 4, Талас облуунан – 2, Нарын облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 4, Баткен облусунан – 2 учур катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 85 328 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 83 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 82 006га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 30, Ош шаарынан – 3, Чүй облусунан – 32, Ош облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 2, Талас облусунан – 1, Жалал-Абад облусунан – 6, Нарын облусунан – 2.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Ош облусунан 1 бейтап каза болду. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1437ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ