Menu

Мамлекеттик тилди маалымат технологияларында колдонуу боюнча отурум болуп өттү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 22-декабрында Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин «Маалымат системалары жана технологиялары» кафедрасында “Мамлекеттик тилди маалымат технологияларында колдонуу жана   маалымат технологиялары багытындагы адистерди даярдоодо социалдык өнөктөштөрдүн ролу” аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Тегерек столго «УЛУТ Софт», AVN, GTS, Saima Telecom, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт архитектура университетинин колдонмо информатика кафедрасынын окутуучулары жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери  катышты.

Келген коноктор билим берүү программасынын жана мамлекеттик тилде керектүү мобилдик тиркемелер, веб-сайттар, windows программалар  жетишсиз экендигин белгилешип, пикирлерин сунушташты. Отурумга сунуш кылынган пикирлердин негизинде аталган окуу жайдын деңгээлинде  билим берүү программасынын  максаттары кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери  мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө маалымат технологияларынын ролу чоӊ экендигин баса  көрсөтүп, студенттердин кыргыз тилинде аткарган курстук жана бүтүрүүчү квалификациялык иштеринин ошондой эле долбоорлорунун санын көбөйтүү керек экендигин белгиледи.

Жолугушууда кафедранын башчысы Мекенбаев Б.Т. кафедранын аткарып жаткан иштери боюнча катышуучуларга кыскача маалымат берди.  Маалымат технологиялары багытындагы адистерди даярдоодо социалдык өнөктөштөрдүн ролу боюнча кафедранын мүчөлөрү жана коноктор арасында чоӊ талкуу болду. «УЛУТ Софт» компаниясынын башкы директору Окенов Мирбек жана AVN компаниясынын башчысы Бабаев Бектурган жаңы маалыматтык технологиялар багытындагы адистерди даярдоодо ишкерлердин ролу чоӊ экендигин айтышты.

Отурумдун жыйынтыгында Улуттук комиссия менен университет жана башка компаниялар менен социалдык өнөктөш болуп, мындан ары тыгыз байланышта иштөө жөнүндө чечим кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: