Menu

Издөөдө жүргөн Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин жүргөн жери аныкталды

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлигинин экс-башчысы Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевдин жүргөн жери аныкталды. Бул тууралуу генпрокурор Курманкул Зулушев “Азаттыктын” “Ынгайсыз суролор” программасында билдирди.

Ошол эле учурда Зулушев коопсуздук органдарынын мурунку жетекчилери кайда жайгашкандыгын так айткан жок.

Генпрокурор тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын жана жакынкы арада кененирээк маалымат берилерин белгиледи.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2020-жылы 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкектеги башаламандыктан кийин кылмыш иши козголгон. УКМКнын жана ИИМдин экс-жетекчилери Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиев кызмат ордуларын таштап кетишкен. Экөө тең издөөгө жарыяланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: