Кыргыз-өзбек чек арасында кыргаз жарандар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда кайым айтышуу болду. Социалдык тармактарда окуянын видеосу жарыяланды.
“10-февраль Аксы районун Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес-Сай айылына Өзбек чек арачылары кирип келип, биздин жерди тосуп жатат! Райондук мамлекеттик администрация кайда жүрөт!?”, – деп жазган видеотасманын автору.
Күч структураларындагы кызматкерлер журналисттерге видеотасмага Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Беш-Чынар аймагы тартылганын билдиришти.
Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттин чек арачылары Беш-Чынар аймагына 2017-жылдагы эки тараптуу келишимдин негизинде тосмолорду орнотуп жатышат. Алар өздөрүнүн аймагында жана ал чектен чыгышкан жок.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу. Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ