Эртең, 12-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Германиядан операция жасалат. Бул тууралуу “Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Урматтуу мекендештер, Камчыбек Кыдыршаевич жалпы элибизден ак бата сурап, ден соолугуна байланыштуу, оор операция жасатуу үчүн чет мамлекетке кеткенин билебиз.
Камчыбек Ташиев агабызга Буюрса, эртең, жума күнү Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дөр чамасында операция жасалат. Ак батабызды берип туралы”, – деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев чет өлкөгө 6-февралда учуп кеткен. Ташиев калган өмүрүн эл үчүн иштөөгө жумшарын айткан.
Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, Жараткан шыпаалар берсип, тез сакайып келсин!