Menu

Фото – Жалал-Абадда 25 метрлик жаңы жылдык балаты орнотулууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына 25 метрлик балаты орнотуу иши жүрүп жатат. Жылдагыдан айырмаланып, бул жылы шаардын борбордук аянтына жандуу эмес, жасалма балаты коюлат. Бул идея жаратылышты коргоо, экологияга аяр мамиле жасоодон, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө аракетинен улам келип чыкты. Балатыны куруу иштери декабрь айынын ортолоруна барып аяктайт.

Ал эми шаар тургундары быйыл жаңы-жыл майрамы өзгөчө белгиленээрине ишеним артып турган чагы. Даярдыктар эрте башталганы жана балатынын бийиктиги көпчүлүктү ушундан үмүттөндүрүүдө. Шаар тургундары деле жасалма балатыны орнотуу жакшы демилге экенин айтышууда. Анткени өсүп турган арчаны кыркуу табиятка зыян келтирет жана анан калса бир ай турган соң керексиз болуп калат. Эми кийинки жылдарга да быйыл алынган жасалма балаты орнотулса, бюджеттик каражат да үнөмдөлөт.

Ал эми быйыл жаңы-жылга карата шаарды жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 миллион 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 1 миллион 500 миң сомуна балаты жасалат, калган каражат шаардын жасалгалоосу үчүн иштетилет.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында биринчи жолу 25 метрдик балаты жасалууда. Жыл сайын балатылардын бийиктиги 18 метрден 20 метрге чейин гана болуп келген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: