Бүгүн, 11-февралда КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маектин жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышышты. Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди. Транспорт жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жаатында соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, анын ичинде соода-сатык, инвестициялар жана энергетикалык ресурстарды жеткирүү маселелери каралды.
Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ