13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Люксембург Улуу Герцогундагы Элчиси Муктар Жумалиев Улуу Даражалуу Люксембургдун Улуу Герцогу Анриге ишеним көрсөтүү грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тапшыруу аземи Люксембургдун Улуу Герцогунун кан сарайында (Palais Grand-Ducal) өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи М.Жумалиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдон салам жолдоп, эки мамлекеттин достук марлилерин мындан ары өнүктүрүү боюнча калоо тилектерин жеткирди.
Мындан тышкары Элчи М.Жумалиев Улуу Даражалуу Анри менен эки мамлекеттин келечектеги кызматташтыгы жөнүндө, Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясынын кабыл алынгандыгы жана Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасынын кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн аяктагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин алакаларын талкуулашты.
Маектешүүнүн аягында Улуу Даражалуу Анри Элчи М.Жумалиевди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго ысык саламын жолдоду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ