Menu

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Садыр иним, сени коррупционерлер, олигархтар, ач көздөр ороп алышты, айлана-чөйрөңдү тазалабасаң болбой калды”

Бөлүшүү:
Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева бүгүн, 12-февралда президент Садыр Жапаровго Facebook социалдык тармагы аркылуу кайрылуу жасап, аны өз кызыкчылыгын көздөгөн коррупционерлер, олигархтар, ач көздөр тегеректеп алышканын жазды.
“Садыр иним, 2010 жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз… ийгиликтерди, оор күндөрдү бирге өткөрдүк. Кандай кырдаал болбосун, мен Сени таштабадым, сатпадым, колуман келишинче колдоп келе жатам, абийиримдин алдында тазамын.
Бүгүн, бир чындыкты коом аркылуу айтып коюну чечтим. Биринчиден, айлана-чөйрөңдү тазалабасаң болбой калды, ачыгын айтайын коррупционерлер, олигархтар, ач көздөр ороп алышты Сени. Алардын максаты, өз кызыкчылыктарын чечип алуу, эл үчүн күйгөн жок алар.
Экинчиден, кадр маселесинде чебер, өтө кылдат, аяр мамиле жасоо менен, ар бир кадр жөнүндө шашпай досье алып кызматка койсоңор туура болмок.
Алдын ала айтканым, Сенин тагдырыңа аырынча кайдыгер эмес экеними далилдейт.
Убакыт тар, бир күнүң текке кетпесе, элдин үмүтү, ишеничи Сенде”, – деп жазды мурдагы депутат айым.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: