Menu

“Кыялдын” мойнуна салынган сыйрытмактын баяны, же беш жылдан ашуун кыянаттык тууралуу

Бөлүшүү:

Чүй көчөсүнүн боюнда, Бишкектин дал ортосунда жайгашкан “Кыял” бирикмесинин имараты көзгө дароо урунат. Мындан 20 жыл мурда бул аймак башкача, тагыраагы жупуну көрүнчү эле. Насип буйруп чарбачыл кишинин колуна тийип калгандыктан жүздөгөн ири кыймылсыз мүлктөр сыяктуу чачылып кеткен жок. Анткени башынан бери жетекчи болуп келаткан Султанбек Макашов канча ирет күйүмүш болуп айтышса да приватизация кылууга караманча каршы туруп бул тармакты мамлекеттин карамагынан чыгаргысы келбеди. Ал тургай 1993-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Апаз Жумагуловдун кабыл алуусунда болуп “Кыял” бирикмесин приватизация кылууга жол бербеңиз, андан көрө улуттук статус бериңиз деп суранган. Элдин баары приватизация “оорусу” менен ооруп жатканда бул эмне деген адам деп ошондо мыйыгынан күлүшкөн. Ошентип алгачкы кыялдары орундалып, бирикмени беш жылга приватизация кылууга бөгөт коюлган. Жүздөгөн карапайым адамдар ушул жерден оокатын кылып жүргөнүн көрүп, элдин убалына калгысы келбеди. Эгерде анын ордунда башка бирөө болгондо эбак бул жердин тамтыракайын чыгармак.

Андан бери далай жылдар тогошуп, нечен окуялар жүз берди. Биротоло орун-очок алып калган бирикмеге көз арткандар кантип Султанбек Макашовду кетирер экенбиз деп санаага батышты. Айрыкча экинчи ыңкылап болгондон кийин жең түрүнө чабуулга киришкендер өз жүзүн айбыкпай эле көрсөтүштү. Динара Чочунбаева, Юристанбек Шыгаев башында турган топ жанына Дилбар Ашымбаева, Татьяна Воротникова, Таалай Мусабаев сыяктуу “демилгечилерди” жан-жөкөр кылып кызуу соккуну башташты. Анткени Убактылуу өкмөткө биринчи адам болуп келген Роза Отунбаева менен Динара жакын санаалаштардан эле. Негедир тээ мурдагы адамкерчиликтүү байланыштарга маани бербеген Отунбаева тигилердин кыянаттык пландарына жашыл жарыгын күйгүзүп берди. Бүткүл “операциянын” башына оң колу Эмилбек Каптагаевди дайындаганы ачык байкалып турду. Ошентип күч түзүмдөрүнүн дөө-шааларынан турган атайын текшерүүчү топ шымаланып аңтар-теңтер кылууга өтүштү. Чамасы алардын да кулагын дуулдатып салышкандай.

Бул аз келгенсип үстөккө-босток “сары” гезиттердин жазмакерлерин айдакташып жалаң тескери өңүттөгү материалдарды жаадыра баштаганы коомчулукту сестендирди. Мурда түз саламын бергендер Султанбекти жегич, ичкич катары санагандыктан мамилесин салкындатышты. Буга кошумча болуп өкмөттүк басылмалар өкүрөңдөй баштады. Көрсө мындай команданы колунда чексиз бийлиги турган Эмилбек Каптагаев берип, колуңардан келишинче талкалагыла, артыңарда мен турам деп баарын демитип салыптыр. Алты бөрүгө жетинчиси сөзсүз кошулат дегендей булар аз келгенсип арааны ачылган аялдарды тукурушуп, тытмалоого чейин жеткиришкенине тигилер жетине албай турганын даана байкашкан. Туш тараптан “кол салууга” дуушар болгон бирикменин жетекчиси С. Макашов текшерүүгө келгендерден бир гана акыйкаттыкты өтүнүп жатты. Анткени олчойто жеп жиберген эч нерсеси жоктугуна, каражатка алынган жабдуулар ордунда турганына ишенип аткан эле. Мындан сырткары чогуу иштешкен, анын кандай жетекчи экендигин жакындан билген жамааттагы адамдарынын колдоосуна каниет кылып турду.

Антсе да текшерүүгө келген жоон топтун өкүлдөрү анчалык катуу кеткен кемчиликтерди шишке сайып көрсөтө албады. Эми анын баарын келтирүүнүн азыр зарылчылыгы жок. Анткени көзгө сайып көрсөтүүчү шишиктер табылбаптыр. Болбогон шылтоолордун баарын тизмектеп көрсөтүп беришкен соң текшерүүчүлөр болгонун болгондой кагазга түшүрүп, жыйынтыгын кызыктар тараптарга таратып сапарын улашыптыр. Жыгылган күрөшкө тойбойт болуп бирикменин этегине жабышканын токтотпой анан тигилер сотко кайрылышат. Желген “самсаны” иликтеп табалбаган соттор да алакан жайышып, кылмыш ишинин табылбаганын айтышат. Ушул жерден моокуму канбагандардын талабын орундатууга баш прокурор Аида Салянова апчесинин тапшырмасы боюнча киришет. Жиберген прокуратура кызматкери желкесин кашыгандан башка иш жасай албасына көзү жетсе да “шефинен” корккондуктан ишти создуктурууга аргасыз болот. Чыдабай кеткенде шамал каяктан согуп жатканын ишаарат кылышат.

Кыскасы райондук, шаардык соттордон илинчеги жок чыкканына карабастан прокуратуранын буйругу аркылуу ишти Жогорку Сотко айдашат. Бир шойкомду байкаган К. Турганбеков деген билерман сот ишти кайра жандантуу үчүн Октябрь райондук сотуна багыштайт. Кызыгы, ишти караган соттордун баары ийин куушуруп бул эмне деген жасалма жорук дешип башын чайкашат. Улам эле создуктурулган иштин пайдасы бизге тиет деген “кыялкеч” топтун кишилери мына аз калды, оңтойлуу жерди басып алабыз деген “өрдөктөрүн” учуруп тегерегиндегилерди козутушат. Негизи ким эле даяр оокаттын ээси болуп, тайраңдагысы келбесин? Бир жарым жылдын аралыгында бирикмени 67 ирет текшерүүгө алышкан. Анысынан оңдуу майнап чыкпаптыр.

Бирин-бири аңдымай убакыттын да оомал-төкмөл жагдайлары болот тура. Баягы Отунбаеванын, Каптагаевдин заманы бүтүп жаңы бийликтин доораны сүрө баштаганы жабыр тарткандардын үмүтүн арттырды. Аттуу, баштуу КР эл баатырларынын, эмгек жамаатынын кайрылуусуна ажонун убактысы бөлүнүп, көптөн бери уланган маселени иликтөөгө негиз түзүлөт. Тыкыр иликтенип бүткөн соң “Кыял” бирикмеси мамлекеттин карамагына өткөрүлүп анын жетечилигине кайрадан Султанбек Макашов дайындалды. Ал эми жыгылса да мойнуна албаган азгантай топтун тилегин таш капты. Бирөөнүн оокатына көз артуу жакшылыктуу бүтпөсүн эми алар моюндар бекен? Баса, ишке биротоло чекит койдуруу максатында Жогорку Соттун да жыйынтыктуу юридикалык кагаздарын алып коюшту. Анткени ансыз ишти бүттү дештин өзү калпыстык болорун беш жылдан ашуун айыпсыз соттон сотко сүйрөлгөндөр жон териси аркылуу жакшы билишет эмеспи. Айтор, жеңилдей түшкөн бирикменин жетекчиси бүгүнкү күндө келечектүү пландарды алдыга коюп ишин баштады.

Кучагына 200гө чукул жумушчуну камтыган эмгек жамааты мамлекеттик пландарын ийгиликтүү ишке ашырышты. Жер-жерлердеги кол өнөрчүлөр, зергерлер, усталар, өрмөкчүлөр, саймачылардын саны 600 дөн ашат. Булар да бирикме менен тыгыз байланышта иш жүргүзүшөт. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен соц.фондго 1469,5 сом, ал эми салыкка 3148,4 сом чогултуп мамлекеттин казынасына төгүп беришти. Жалпысынан тогуз чыгармачыл цехтин эмгекчилери улуттук кийим-кечелерди, буюм-тайымдарды, ат жабдыктарын, зергердик саркеч заттарды жасоо менен алектенүүдө. Орден, медалдарды жасоо да булардын милдетине кирет. Эми өкмөттүн өкүлдөрү баштагыдай бөтөн өлкөлөргө барып убара болушпайт. Быйылкы жылда жергебизде III дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлгөнү турат. Абдан маанилүү бул ишке албетте, бул бирикменин өкүлдөрү кызуу кол-кабыш кылышары белгилүү. Ансыз улуттук баалуулуктардын жүзү толук ачылбай калары турган иш. Ошондой эле залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине даярдыктар жүрүп жатат. Жазуучунун каармандарынын сувенирлерин жасоого эмитен киришишти. Кыргыз эл сүрөтчүсү, элдик чеберлердин ордосу атыккан бирикменин көздөгөн асыл иштери арбын. Башында тажрыйбалуу Султан Макашов турган эмгек жамаатын жалаң байгелүү ийгиликтер коштооруна ишеничибиз бекем.

Жора Сулайманов

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: