Menu

Хорезмде иш издеген миңдеген киши «Артель» компаниясынын алдында чогулду

Бөлүшүү:

Хорезм облусунун Питнак шаарында тиричилик техникалары менен электроника өндүргөн «Артель» ишканасынын жаңы филиалы жумушчулар кабыл аларын жарыялаган соң имараттын алдында миңдеген киши чогулган.

«Озодлик» радиосу кабарлагандай, окуя 9-февралда болгон. Атын атагысы келбеген жигиттин айтымында, заводдун алдына 20 миңдей киши топтолгон.

–Хазарасп, Шават, Багат жана Хивадан келген кишилер жумушка орношобуз деген үмүт менен жөөлөшүп, түртүшүп имараттын алдында турушту. Завод жабык болгон, чогулгандардын эч кимиси ичкери кире алган жок, имараттан да эч ким чыккан жок. Андан соң укук коргоо кызматкерлери менен акимчиликтен келишип, «бул жерде туруу пайдасыз экенин, баары бир мынча киши ишке алынбай турганын» айтышты. Мындан кийин чогулгандар таркап кетишти, – деди жигит.

«Артель» – Өзбекстанда тиричилик техникалары менен электроника өндүргөн монополист компания.

Өзбекстандын Эмгек министрлиги билдиргендей, өлкөдө экономикалык жактан активдүү жарандардын арасында жумушсуздуктун деңгээли 13% түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: