Ош шаарында 14-февраль күнү саат 22:05те Навои эс алуу паркында жайгашкан зоопарктан маймыл качып, Загородный көчөсүндө жайгашкан №9 үйүнө кирип алган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жерине барып, маймылды кармап, ээсине өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ