Menu

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо. БШК чыгымдардын сметасын бекитти

Бөлүшүү:

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт, алардын ичинен 421и айылдык кеңештер жана 27и шаардык кеңештер. БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө жалпы суммасы 425 243,5 миң сом өлчөмүндө чыгымдардын сметасын бекитти:   Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

– 418 айылдык кеңештердин кезектеги шайлоосу анын ичинде ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктаган 386 кеңештердин шайлоосу (370 айылдык кеңеши жана 16 шаардык кеңеши);

–  2021-жылдын майында ыйгарым укуктары аяктай турган 32 кеңештин шайлоосу (26 айылдык кеңештин жана 6 шаардын);

– мурда токтотулган 30 айылдык кеңештин, алардын ичинен 25 айылдык кеңештин жана 5 шаардык кеңештин.

– жергиликтүү башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоого байланышкан чыгымдар.

Сметага участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бериле турган сый акынын суммасы киргизилген: 53 АШКда – 638 адам, 2276 УШКда – 28498 адам, буларга акы төлөө шайлоолорду даярдоо убагында айына 2,0 – 3,0 миң сомду түзөт (бир шайлоо комиссиясында адатта  комиссиянын 11-13 мүчөсү иштейт), автоматтык эсептөөчү шаймандардын 2222 операторлору үчүн, ошондой эле шайлоонун алдындагы күнү жана шайлоо күнүндө коопсуздукту сактоо үчүн ишке тартылган ИИМдин 4636 кызматкери үчүн күнүмдүк каражат да кирет.

Ошондой эле смета шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуучу чыгымдарды, мындан башка  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жабдуулардын операторлору үчүн окутуучу иш-чаралар менен кызматтык жол жүрүүлөрдүн, байланыш кызматынын, предметтерди жана материалдарды сатып алуу үчүн, жабдууларды жана материалдарды ташуу үчүн транспорттук чыгымдарды, аймактардын ичиндеги территориялык шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссияларына чейин шайлоого керектүү жабдууларды (шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоочу жабдуулар, компьютердик техникалар комплектилери, бюллетендерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча автоматтык шаймандар) жеткирүү жана кайра ташуулар боюнча транспорттук чыгымдар, жана материалдарды (бюллетендер, маалыматтык материалдар, анын ичинде баннерлер, канцеляриялык буюмдар, шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саламаттыгын санитардык-эпидемиологиялык жактан коргоо үчүн каражаттар) жеткирүү чыгымдарын камтыйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: