Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускуловдун демилгесинин негизинде Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ага Жогорку Кеңештин төмөндөгү депутаттары кирди:
– Өмүрбек Бакиров, Рыскелдик Момбеков, Саматбек Ибраев, Айнура Алтыбаева (КСДП);
– Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дюшалиев, Закир Шарапов (“Республика-Ата-Журт”);
– Замирбек Эсенаманов, Урматбек Самаев (“Кыргызстан”);
– Каныбек Иманалиев (“Ата-Мекен”);
– Ныязбек Арзыбаев (“Өнүгүү-Прогресс”);
– Акылбек Жапаров (“Бир-Бол”).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ