Menu

Дыйкандар жерлерин күрөөгө коюп, насыя алуусун шарттаган мыйзам долбоору демилгеленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга) каралды.  Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Демилгечи депутаттын айтымында, мыйзам долбоору ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдардын ишин, т.а. Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексиндеги ишин өнүктүрүү жана кеңейтүү зарылдыгына багытталган.

Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына олуттуу бир жаңы көрүнүш киргизилет – бул ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен биргеликте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга айыл чарба багытындагы жерлердин күрөө кармоочусу катарында чыгууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын банктарына жана адистештирилген  финансы-кредиттик мекемелерине берилгендей эле тийиштүү укуктук статусту берүү болуп саналат. Маалымат-негиздемеде мыйзам долбоорун кабыл алуу агрардык секторду активдүү каржылоого мүмкүндүк берери белгиленген.

“Күрөөгө жерин коюп, насыя алып, иш кыла турган дыйкандар үчүн өлкө аймагында иш жүргүзүп жаткан “Кыргыз-орус” өнүктүрүү фонду жерди күрөөгө ала ала тургандыгын шарттаган мыйзам долбоорун даярдап чыктык”,- дейт А.Жапаров.

Талкууда депутат Зиядин Жамалдинов айыл чарба жерлери ким тарабынан кандай баалана тургандыгына кызыкты. Жогоруда аталган фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, жерлер көз карандысыз баалоочулар тарабынан бааланат.  Ошондой эле депутат Акылбек Жапаров күрөөгө коюп, насыясын төлөй албаган жарандардын жерлерин “Кыргыз-орус” фонду бир гана кыргыз жарандарына сатаары белгиленген ченем киргизилип жатканын баса белгиледи. Депутат Кубанычбек Нурматов жерин күрөөгө коюп насыя алган дыйканга жерин иштетип, түшүм алуусу үчүн эң аз дегенде 3 жыл керек болорун айтып, насыя пайызын 3 жылдан кийин төлөп баштагандай кылууну сунуш кылды.

“Өстүргөн өсүмдүктөрүн экспортко чыгарууда дыйкандарга көмөк көрсөтүүгө багытталган мыйзам долбоору катары колдойм”,- деген депутат Таалайбек Масабиров мыйзам долбоорунда форс-мажордук акыбал эске алынышы зарылдыгын эскертти.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды, пикирлерди, кооптонууларды 2-окуунун жүрүшүндө эске алуу менен, мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: