Menu

Сооронбай Жээнбеков: Мамлекет өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө жол бербейт

Бөлүшүү:

«Мамлекет өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө жол бербейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алгандыгын, учурда көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болгондугун айтып, мамлекеттин ролун күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Диний себептер менен бөлүнүп — жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат. Өлкөбүздүн тынчтыгын, коомубуздун биримдигин — мамлекет бардык зарыл болгон каражаттарды колдонуу менен коргойт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекеттин диний чөйрөнү тескөө иштери мындан активдүүрөөк болорун белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: