Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши Тажикстандын аймагына качып өтүүгө аргасыз болгон 2300 ооган жоокери кайра кайтып келгенин билдирди.
“2300 жоокер Ооганстандын коопсуздук жана коргонуу күчтөрүнө келип кошулду. Алар дароо Бадахшан провинциясынын борбору Файзабаддагы коопсуздукту камсыз кылууга тартылды”, — деди мекеменин өкүлү.
Ал ооган аскерлери Тажикстандан качан жана кандай жол менен кайтарылганы тууралуу айткан жок.
Азырынча Тажикстандын бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок 6-июлда айрым басылмалар талибдер менен салгылаштан кийин Тажикстанга кире качкан ооган аскерлеринин бир бөлүгү Кабулга жөнөтүү үчүн Кулябдагы аэропортко жеткирилгенин кабарлашкан.
“Озоди” радиосунун маалыматына караганда, Тажикстандагы ооган жоокерлерин мекенине кайтаруу маселеси 4-июлда тажик президенти Эмомали Рахмон менен Ооганстандын лидери Ашраф Ганинин телефондук сүйлөшүүсү маалында талкууланган.
5-июлда Эмомали Рахмон Ооганстандагы курчуп жаткан абалды Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен талкуулаган. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө тажик-ооган чек арасындагы маселелерди чечүү үчүн Душанбеге жардам берүүгө даяр экенин айткан. Ошол эле күнү Рахмон Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ