Menu

Саясий партиялар, депутаттар жана коомдук ишмерлер бийликке ачык кайрылуу жолдошту

Бөлүшүү:

Саясий партиялардын формунун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Биз, Саясий партиялардын форумунун катышуучулары,  Кыргызстандын эли Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы экенин жана шайлоо элдин эркин билдирүүнүн негизги формаларынын бири экенин белгилөө менен, шайлоо укугу жана шайлануу укугу элдик бийлик принцибинен түздөн-түз келип чыккан, мамлекетти башкаруу ишине түз жана өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укук берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги саясий укугу экенин түшүнүү менен, колдонуудагы шайлоо эрежелери Жогорку Кеӊештеги элдик өкүлчүлүктүн сапатынын төмөндөшүнө, депутаттардын шайлоочудан ажырап алыстаганына, мамлекеттеги демократиялык баалулуктардын алсырап жешилишине алып келгени, жалпысынан эл өзүнө таандык бийликти толук кандуу ишке ашыра албастыгы тууралуу коомчулуктун тынчсыздануусун бөлүшүп  жана ага кошулуу мененушул Резолюцияны кабыл алабыз жана төмөндөгүлөрдү белгилейбиз:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаттары пропорциялуу системада шайланат.

Баш мыйзамада пропорциялуу шайлоо системасын бекитүү идеологиялык жана саясий ар түрдүүлүктү жана көп партиялуулукту өнүктүрүү, жаңы саясий жана шайлоо маданиятын калыптандыруу, ошондой эле жарандардын  саясий партияларга биригүүсүнө жана алардын ишмердүүлүгүнө активдүү катышуусу аркылуу бара-бара толук парламенттик башкарууга өтүү зарылчылыгы менен шартталган. 

Бирок, баш мыйзамда белгиленген тарыхый багыттын өнүгүүшүнүн негизги тоскоолдугу бул шайлоо босогосунун тогуз пайыздык бийиктиги. Шайлоо босогосунун жогорулашы анык эл өкүлчүлүктүн ордуна чоӊ акча каражаттарына жана административдик ресурска ээ болгон, бийликке жакын партиялардын үстөмдүгүн бекемдөөгө атайын багытталган. 

Шайлоо босогосунун обу жок бийиктигинин натыйжасында миӊдеген шайлоочулардын добуштары жокко чыгарылып, алардын кызыкчылыктары, эрки  Жогорку Кеӊеште камсыз болбостон өкүлчүлүктөн ажырайт. Буга ылайык, шайлоо босогосунун бийиктиги биздин мамлекетибиздин конституциялык түзүлүшүнүн негизине – элдик бийлик принцибине карама-каршы келет. Ушул негизде шайлоо боогосунун бийктиги мыйзам чыгаруу бийлигин бир же эки партиянын монополиялап алуусуна ыӊгайлуу шарт түзүп, биздин жакынкы тарыхыбызда орун алган кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн, башкача айтканда жогоруда айтылган жагдайлардын баары өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздугуна түрткү болуп, саясий талкуулар жана саясий көз караштардын кагылышуусу парламенттин ичинде болбостон, ар кандай социалдык каршылык түрүндө, анын ичинде кыйраткыч мүнөздө, элдин көчөлөргө жана аянттарга чыгуусуна себеп болушу мүмкүн. 

Азырку учурда дагы ушундай жагдайлардын айынан депутаттык ишмердүүлүккө инсандык жана кесиптик сапаттары туура келбеген, шайлоочуга бейтааныш адамдар депутаттык мандаттардын көбүнө ээ болуп калышкан. Натыйжада, коомчулук тарабынан Жогорку Кеӊештин атына депутаттардын сабатсыздыгы тууралуу олуттуу сындар жана эл өкүлдөрү элден алыстап кеткендигине нааразычылыктар кеӊири тараган. 

1.Аракеттеги мыйзамдарда бекитилгендей Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо толугу менен пропорциялуу негизде ишке ашат, мында шайлоочулар саясий партиялардын тизмеси жана программасы үчүн добуш беришет. Мындай система көптөгөн парламенттик республикаларда ийгиликтүү иштеп келгени менен, биздин турмушта бир топ олуттуу жетишпестер менен коштолуп жатат, алар:

1) талапкерлердин тизмелери саясий партиялардын жетекчилиги тарабынан түзүлүп, анда депутаттыкка көрсөтүлүп жаткан талапкердин орду анын партиялык кассага кошкон «үлүшүнө» жараша коррупциялык соодалашуу менен аныкталгандыктан, мандатын сатып алган депутат аны карасанатайлык менен, өзүнүнүн жана башка адамдардын жеке кызыкчылыктарына колдонууда. Жыйынтыгында, партиянын ичиндеги саясий жемкорлук парламентте олигархтардын, өзгөчө мыйзамсыз жол менен байыган адамдардын басымдуу көпчүлүгүнүн келишине өбөлгө болуп, парламенттин элден биротоло ажыроосуна алып келди; 

2) партиялык тизменин башында турган тигил же бул талапкерге жан тартуу принциби боюнча добуш берген шайлоочу талапкер мандаттан баш тарткан учурда «алданып», депутат менен шайлоочунун ортосундагы байланыш толугу менен өз маанисин жоготуп, депутаттын шайлоочулардын алдындагы жоопкерчилик талабы чаташты; 

3) биздеги пропорциялуу шайлоо системанын дагы бир кемтиги – бул шайлоочунун партиялык тизменин ичиндеги депутаттык мандаттарды алуу кезегин аныктоодогу укуксуздугу. Мындан улам, мандаттарды бөлүштүрүүдө фракциянын лидери менен талапкерлердин ортосундагы чыр-чатактар, фракциялардын бөлүнүп-жарылышы жана фракциялык биримдик менен тартиптин жокко чыгарылашы Жогорку Кеӊеште кеӊири тараган демейдеги көрүнүш;

4) Чет элде жүргөн ошондой эле ички мигранттарга мамлекеттин кайдыгер мамилесинен жана ашыкча талаптарынан чыккан дагы бир олуттуу маселе – алардын шайлоо укуктарынан айрылуусу. Негизинен, жашаган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоо талабынан, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн жарандардын биометрикалык каттоодон өтүүсүнө шарттардын жоктугунан миӊдеген атуулдарыбыз жарандык милдетин жана саясий эркин билдире албай, шайлоо процесстеринен четтетилип калды. 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын толук камсыздоо, көп партиялуулукту жана саясий плюрализмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү, парламенттин элдин алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү, калктын саясий маданиятын көтөрүү максатында, форумдун катышуучулары «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, шайлоо системасынын кемчиликтерин жоюу максаттарында саясий партиялар, жарандык коом, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеӊеш биргелешип аракеттенүүсү зарыл деп эсептешет жана төмөнкү талаптарды баса белгилешет: Шайлоо босогосун 3 пайызга чейин түшүрүү. Бул шайлоочулардын добуштарын толук эсепке алынышына жана саясий партиялардын өнүгүүсүнө, алардын саясий системадагы таасирин күчөтүүгө реалдуу шарт түзөт, ага ылайык, элдин саясий эркин толугураак билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет;

1.Ачык тизме боюнча артыкчылык менен (преференциалдык) добуш берүүнү киргизүү элдин ишенимине көбүрөөк ээ болгон талапкерди тандоону камсыздайт, депутаттын өз шайлоочуларынын алдындагы жоопкерчилигин аныктайт, партиялык жетекчиликтин өзүм билемдигине жана партиялык ички саясий коррупцияга бөгөт болот;

2.Жарандардын, өзгөчө ички жана чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн атайылап жасалмаланган тоскоолдуктарды жоюу. Ушул максатта, шайлоочулардын тизмесине жарандарды кийирүү шарттарынын негизгилеринин бири катары мыйзамдарга жашаган жери боюнча каттоону (прописка) талап кылган бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү керек.

3.Өз өлкөсүнөн чет жакта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык каттоодон өтүү шарттарын жакшырткан уюшумдуу чараларды кабыл алуу.

4.Шайлоо алдындагы  үгүт жүргүзүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана адилеттүү шарттарды камсыздоо:

1) талапкерлер үчүн коомдук телерадио берүүлөрүндө бекер жана жетиштүү эфирдик убакыт берилсин, жеке менчик теле- жана радио компанияларынын, интернет-сайттарынын кызматтары үчүн арзандатылган баа белгиленсин. 

2) Борбордук шайлоо комиссиясы акчалуу саясий партиялар тарабынан көчөдөгү басылма үгүт материалдарын, айрыкча билборддор, плакаттар жана башка материалдарды монополдоштуруусуна бөгөт коюу менен агитациянын эрежелерин жөнгө салсын. 

3) Концерттерди уюштуруу жана башка, анын ичинде сый тамак жана белектерди таратуу менен коштолгон иш-чараларды өткөрүү мыйзам чыгаруу деӊгээлинде шайлоочуларды сатып алуу катары баалансын. Саясий партиялардын талапкерлеринин теледебаттары жана талкуулары шайлоо алдындагы  үгүт жүргүзүүнүн артыкчылыктуу формасы катары таанылсын.

5.Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төгүүчү мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү он миң эселенген өлчөмүнө чейин азайтылсын.

6.Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы азайтуу максатында кайрадан каралып чыксын.

Форумдун катышуучулары, элдик бийликтин үстөмдүгү үчүн, бардык кайдыгер эмес жарандарды, биздин өлкөнүн шайлоочуларын, коомдук уюмдарды жана саясий партияларды «МЕНИН УКУГУМ БАР!» деген ураандын астында түзүлгөн КООМДУК-САЯСИЙ КЫЙМЫЛГА кошулууга чакырат! 

Темир Сариев, “Ак Шумкар” саясий партиясынын төрагасы

Өмүрбек Текебаев, “Ата-Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы

Исхак Масалиев, Кыргызстан Коммунисттеринин партиясынын борбордук комитетинин төрагасы, Жогорку Кеӊештин депутаты

Эркин Булекбаев, “Жашылдар” партиясынын төрагасы

Феликс Кулов, “Ар-Намыс” саясий партиясынын төрагасы

Ишенбай Кадырбеков, саясий жана коомдук ишмер

Сейтек Качкынбаев, “Демократ” саясий партиясынын төрагасы

Момбеков Рыскелди, Жогорку Кеӊештин депутаты

Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты

Жанар Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты

Джакупова Чолпон, “Адилет” укуктук клиникасынын башчысы

Джурабаева Гульнара, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү

Сооронкулова Клара, коомдук ишмер

Ошурахунова Динара, коомдук ишмер 

Макенбаева Бурул, коомдук ишмер 

Аида Алымбаева, коомдук ишмер

жана форумдун катышуучулары

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: