Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында 4-июлда Кыргызстандын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында укук коргоо органдарын реформалоо жана азыркы шарттарда республикада миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча маселелер каралат.
Жыйын жабык режимде өтөт. Анын жыйынтыктары боюнча Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров журналисттерге брифинг өткөрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ