Menu

Обама менен Меркель АКШ-ЕБ соода келишиминин маанилүүлүгүн белгилешти

Бөлүшүү:

Барак Обама менен Ангела Меркель эркин соода жүргүзүү тууралуу трансатлантикалык келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанилүү экенин белгилешти.

Германия канцлери Барак Обама менен чогу Берлинде өткөргөн маалымат жыйынында Евробиримдик менен соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө идеясын колдобогон АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен ийгиликтүү кызматташууга бардык аракетин көрө турганын айтты.

Өз кезегинде Обама зарыл болгондо Трамп Орусияга каршы тура аларына үмүттөнөөрүн билдирип, ошол эле маалда Москва менен кызматташуу Американын да, Европанын да кызыкчылыктарына жооп бере турганын белгиледи.

Меркель менен жолугар алдында Обама глобалдашуу коркунучунан улам дүйнөдө ультраоңчул популизмдин жагымдуулугу артып баратканын билдирди.

Жума күнү Берлинде Обама Германия, Улуу Британия, Франция, Италия жана Испания лидерлери менен эл аралык олуттуу көйгөйлөрдү, анын ичинде Украинага карата саясаты үчүн Орусияга каршы киргизилген санкцияларды узартуу жана Сирияны бомбалап жаткандыгы үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизүү маселелерин талкуулайт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: