Menu

Тажикстанда эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын рейтинги жарыяланды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча агенттиги өлкөдөгү эң коррупциялашкан бийлик органдарынын рейтингин жарыялады.

Ага ылайык, 2020-жылы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында 177, банк системасында 168, билим берүү тармагында 168, саламаттык сактоодо 104, айыл чарбасында 101, жер башкаруу комитетинде 99, эмгек жана миграция системасында 66 коррупция фактысы катталган.

«Коррупция фактыларынын көбү мамлекеттик эмес чарбалык субъектилерге жана жеке ишкерлерге таандык. Аларга 811ден ашык коррупциялык мүнөздөгү мыйзам бузуу учуру туура келет. Өткөн жылы өлкөгө жалпысынан 348,8 миллион сомони (30 миллион доллар) өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды», — деп билдирди жемкорлукка каршы күрөшүү мекемесинин башчысы Сулаймон Султонзода.

Ал ортодо саясий талдоочу Абдумалик Кадыров бул маалыматтарга таянып агенттиктин ишиндеги ийгиликтер тууралуу сөз кылууга мүмкүн эмес деп эсептейт. Анын айтымында, мындай статистика калкка жемкорлукка каршы күрөш жүрүп жатканын көрсөтүү үчүн гана керек. «Мекеме жалаң майда аткаминерлер менен мамлекеттик кызматкерлерди кармап жатат. Аларды аныктап, күнөөсүн далилдөө өтө жеңил, анткени алардын артында эч ким турбайт. Ал эми жогорку кызматтардагы аткаминерлердин башка бийлик органдарында көптөгөн байланыштары бар. Чоң жемкорлор азыркы режимге, өкмөттүн саясатына каршы чыкпаса эле кармалбайт», — деди Кадыров.

Тажикстанда Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча агенттик президент Эмомали Рахмондун буйругу менен 2007-жылы түзүлгөн. 2017-жылы кызмат абалын кыянат пайдалануу айыбы менен мекеменин 17 кызматкери камакка алынган. Анда маалымат каражаттары бул орган тескерисинче коррупциянын өсүүсүнө түрткү болуп жатканын жазып чыгышкан. Мамлекет башчы агенттик мындай иштесе жоюларын эскерткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: