Эртең, 18-февралда чет өлкөдө операция болгон УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Телеграм каналы аркылуу билдирди.
“Урматтуу мекендештер, Буюрса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең, 18.02.2021-ж. саат 10:00дө чет мамлекеттен “Манас” аэропортуна учуп келип, дароо саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер жеринде каралат”, – деп жазды өлкө башчы.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев 5-февралда Германияга жүрөгүнө операция жасатуу үчүн учуп кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ