Menu

Бир кылым жашаган Базар-Коргон

Бөлүшүү:

Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы демекчи, учурда Базар-Коргон районунун эли да, жери да жаңырып бир кылымдык маарекени белгилөөнүн алдында турушат. Бир кылымдык тарых — артка кылчайып өткөн жылдарга сарасеп салып, кандай жетишкендиктер, ийгиликтер, жаралуулар болду, ошол жетишкендиктерди жаратууга кандай инсандар катышты, кимисинин орду кандай, кимиси артында азамат дедиртип алкыш алды, кимиси бүлдүрүп каргыш алды, булардын баарын көз электен өткөрүп кароо да оңой жумуштардан эмес.

Райондун тарыхына бир аз көз чаптыралы. Эңалгач 1918-жылдын 1-мартында Николаевское (азыркы Совет айылы) Базар-Коргон волостунун мусулмандарынын жана чайрыкелеринин депутаттарынын советинин түзүлгөндүгүн Базар-Коргон районунун алгачкы ячейкасы — райондук масштабдагы биринчи официалдуу органы деп ишенимдүү айтса болот.

Ушул жерде айта кете турган нерсе “волост” термини өзүнүн мазмуну жана масштабы боюнча “район” деп аталышка туура келип, Базар-Коргон волосту — Базар-Коргон району деп аталган. Мына ушул тарыхый фактыларга таянуу менен 1918-жылдын 1-марты Базар-Коргон районунун уюшулган күнү болуп эсептелинет.

1924-жылдан 1935-жылга чейин Базар-Коргон, Масы (Ноокен) району бириктирилип Базар-Коргон району деп аталган, бирок райондун борбору Масы кыштагында жайгашкан.

1935-жылдын 8-февралында Базар-Коргон районуңан Масы району бөлүнүп чыгып, Базар-Коргон районунун борбору Масы кыштагынан Базар-Коргон кыштагына көчүрүлгөн.

1962-жылдын 31-декабрында Базар-Коргон району кайрадан жоюлуп, Ленин (Ноокен) районуна бириктирилген. Бул биригүү Базар-Коргон айылынын социалдык-экономикалык, маданий абалына өтө чоң терс таасирин тийгизген. Башка райондордон дээрлик 20 жылга артта калган.

1978-жылдын 4-майында Базар-Коргон району кайрадан Ленин районунан бөлүнүп, өз алдынчалыкка ээ болгон учурдан баштап райкомдун биринчи катчысы болуп Эргеш Чыкыев, Үсөн Сыдыков, Айкөкүл Мырзакаримова, Карыбек Бегимкулов, Магаматкул Закиров, Шарап Жакыпов, Айтмамат Осмонов, Кубатбек Артыков, Таалайбек Дөлдөевдер иштешип, Американын президенттери Джорж Буш жана баласы Буштар иштегендей эле учурда Карыбек Бегимкуловдун уулу — Айбек Карыбекович Бегимкулов иштеп жатат.

Райондун жалпы аянты -202,1 гектар, калкынын саны — 168 миң, кожолуктун саны — 34036 ны түзөт. Райондо 9 айыл аймагы, 57 айыл, 4 токой чарбасы, 2 токойчулук, Дашман мамлекеттик жаратылыш коругу бар. Райондун борбору Базар-Коргон айылы, Республиканын борбору Бишкек шаарынан 565 чакырым, облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан жана аэропортунан 33 чакырым алыс аралыкта, деңиз деңгээлинен 600-2000 метр бийиктикте жайгашкан,

Жайгашкан жери тогуз жолдун тоому болуп, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Бишкек авто унаа магистралы өтөт. Экономикасынын негизги тармагын айыл чарбасы түзүп, дан, пахта, жашылча-жемиш өсөт, мал чарбасында кара мал, кой-эчки, жылкы багылат.

Райондун тең жарып Кара-Үңкүр дарыясы агып өтүп, 10 дон ашык агын суу, сайлар бар. Аймагында өтө маанилүү тарыхый жайлары — Арстанбап-Ата, Ак-Тайлак-Ата, Дөө-Пирим-Атанын күмбөздөрү жайгашкан.

Базар-Коргон районунан чыккан тарыхта белгилүү, орду бар инсандар: Эгемберди болуш, Жолборс казы, Мамыр Мерген уулу, Митрафан Лихобабан, Жумалы Көчөрбай уулу, Камал Тагай уулу, Жоробай Канаш уулу, Чыйбыл Карымшак уулу өз мезгилинде эл мүдөөсүн аркалап турмуш кечиришкен.

Мындан сырткары Социалисттик эмгектин баатырлары: Кулбаев Маман, Кулбаев Камбар, Тарыхчиев Акун, Атабекова Өлмаскан, Жумабаева Анакыз, Абдраимов Кудайкул, Шеркулов Асан, Худайбердиев Ахмадали.

Эми, бир эле Бешик-Жон айыл өкмөтүнөн чыккан белгилүү инсандарды белгилесек, Илимдин докторлору: Сакыев Кадырбек, Сакыева Саипжамал, Жалилова Гүлназ, Сакыев Азамат, Сулайманов Каныбек, Абдраманов Калдарбай, илимдин кандидаттары, Энергетика министри — Сартказыев Бакирдин, Тургунбаева Бегай, Мамытов Таштан. Эмгек жана миграция министрлигинин орун басары Алимбаев Жаныш, губернатордун орун басарлары — Маматисаев Абдимажит, Абдраимов Бакыт, Аширова Гүлжан.

Кыргызстанга белгилүү санжырачы — Тургунбаев Абдышарип, Эл куудулу — Манас Бердибеков.

Көкбөрү оюнунун чебери — Аликеев Болотбек.

Жогорку Кеңештин депутаттары — Касымбаев Алымжан (эки жолу депутат), Мамырова Бөдөш, Масабиров Таалайбек.

Бүткүл дүйнөлүк аалымдар кеңешинин мүчөсү — Жалилов Чубак,

Кыргыз эл акыны — Сүйөркул Тургунбаев, Эмгек сиңирген мугалим — Абдыкалыкова Ырысбү.

Эң күчтүү көзгө атар мергенчи — Маматов Рахман.

Айыл өкмөттүн башчылары — Сулаймонов Жоробек, Садыков Кадырбек, Тухтакунов Сатибай, Дыйканова Райкан, Жалилов Тажибай, Жолчиев Абдыкадыр, Койчуев Кадыркул, Адишев Алтынбек.

Айта берсек бүтчүдөй эмеспиз, жыйынтыктап айтканда эл арасында эл баккан, элди тааныткан биз сыймыктанчу инсандарыбыздын саны күн сайын, жыл сайын арбып баратканы кубандырат. Мына ушундай мекенчил, эмгекчил эли бар үчүн районубуз башкалардан калышпай өнүгүп-өсүү жолунда.

Учурда бир кылымдык маарекеге карата райондун бардык булуң-бурчтарында даярдыктар көрүлүп жатат. Биздин райондун 100 жылдыгы быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына да дал келип турганы көп иштердин бүтүшүнө көмөктөш болууда. Акимчилик тарабынан эртеңки майрамдын жогорку деңгээлде өтүшүнө бардык шарттар түзүлдү. Бюджеттен 19млн. сом бөлүнүп райондун борборунда чоң стадион бүткөрүлдү. Райондун паркы тосмолонуп, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Маарекеге президенттин келиши да күтүлүүдө. Буйруса эртең эл күткөн майрам элге тартууланат!

Зулхабира Ажыматова

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: