“Бүгүн кечинде мен президент менен жолугушам, эртеңден баштап чоң чиновниктерди камакка алабыз. Анткени алар элдин канын соргондор. Жөнөкөй адамга тийбейбиз”, – деп билдирди бүгүн, 18-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда.
Анын айтымында, өлкө бийлиги коррупцияга каршы күрөштү уланта берет.
«Мындан ары бирөө да мыйзамсыз жол менен акча табуу жөнүндө ойлонбошу да керек. Коррупция болбойт. Мен деле тынч эле коррупционерлердин, бандиттердин анча-мынчасы менен чогуу жашап, унчукпай жүрө берсем болот эле. Бирок андай кыла турган болсок, коомубуз өзгөрбөйт”, – деп билдирди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ