Menu

Мирзиёев Наманган облусуна болгон сапарында маалелерди кыдырат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 18-февралда Наманган облусуна келди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президенттин бул сапарынын максаты — буга чейин коюлган маселелердин чечилишин көзөмөлдөө, маалелердеги шарттар менен таанышуу жана калкты тынчсыздандырган көйгөйлөрдү эске алуу менен пландарды аныктоо.

Мындан тышкары Мирзиёев өнөр-жай ишканаларына барып, айыл чарба долбоорлору менен таанышат.

Эки жума мурда президент Ферганадагы Шодиёна маалесине күтүүсүз барып, андагы шарттарды сынга алгандан кийин шаардын акими, прокурору, ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана салык инспекциясынын башчысы иштен алынган. Бул окуядан соң Наманган облусундагы жергиликтүү бийлик шашылыш түрдө «артта калган маалелерди» калыбына келтирип жатканы, ашар жолу менен башталган иштерге ишкерлер менен түрдүү уюмдар демөөрчү болууга мажбурланып жатканы кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: